Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
27.11.2026 Маалымат борбору

Ысык-Ата районунда көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ысык-Ата районунун аймагында көмүр сатуу менен алектенген ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында көмүр рыногундагы учурдагы кырдаал изилденип, көмүрдүн чекене бааларынын калыптанган деңгээлине талдоо жүргүзүлдү. Ошондой эле көмүр продукциясын сатуу менен алектенген ишкердик субъекттеринен тиешелүү маалыматтар чогултулду.

Мониторинг жүргүзүү учурунда баа тартибинин сакталышына, көмүр продукциясынын жеткиликтүүлүгүнө, аны сатуу шарттарына, ошондой эле керектөөчүлөр үчүн акыркы баанын калыптанышына түздөн-түз таасир этүүчү факторлоруна өзгөчө көңүл бурулду.

Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында Ысык-Ата районунун аймагында жайгашкан көмүр сатуу түйүндөрүндөгү баа абалы туруктуу экендиги аныкталды. Көмүр продукциясынын баасы учурдагы калыптанган деңгээлде сакталып, баалардын кескин өзгөрүшү байкалган жок. Мониторинг жүргүзүлгөн учурда көмүрдүн баасын негизсиз жогорулатуу фактылары аныкталган эмес.

Белгилей кетсек, Ысык-Ата районунун аймагында импорттук «Шабыркүл» жана «Кара-Жыра» көмүрлөрүн сатуу боюнча 2 соода түйүнү, ал эми «Кара-Кече» көмүрүн сатуу боюнча 8 соода түйүнү иш алып барат.

Сүрөт галереясы