Кара-Суу районунда эт баасына мониторинг жүргүзүлүп, 4 сатуучуга айып пул салынды
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү (мындан ары – ары Бөлүм), Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2026- жылдын 21-августундагы эт жана эт азыктары рыногундагы кырдаалды турукташтыруу жана баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча тапшырмасын аткаруу максатында, Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Ош облусунун аймагындагы райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Ош облусунун аймагында сатылып жаткан эт жана эт азыктарынын бааларын негизсиз жогорулашын алдын алуу максатында, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан уй жана кой этинин сунушталган максималдуу чекене баалары боюнча, Бөлүм тарабынан Ош облусунун аймагындагы бардык райондордогу эт сатуучулар менен макулдашуулар түзүлгөн. Түзүлгөн макулдашуулардын негизинде, Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан 2026-жылдын 18-ноябрында Кара-Суу райондук мамлекеттик Powered by TCPDF (www.tcpdf.org) № 01-6/348, 19.11.2026 Кол койгон: Осмонов Ы.Ж., 19.11.2026 администрациясынын тиешелүү адистери менен биргеликте, Ош облусунун КараСуу районунун аймагындагы сатылып жаткан уй жана кой этинин макулдашылган бааларынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгында, баалары илинбегендиги үчүн 3 эт сатуучуга Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 390-беренесинин 4- пунктуна ылайык 45 000 сом айып пул салынды. Андан сырткары, 1 эт сатуучуга өлчөө техникасынын каражаттарын өндүрүү, ондоо, сатуу жана пайдалануу тартибин бузганы үчүн Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 391-беренесине ылайык 17 000 сом айып пул салынды. Жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында, аталган жайдагы эт сатуучуларга уй жана кой этинин баасын макулдашылган баадан жогору сатпоо, керектөөчүлөр үчүн сатылып жаткан эттин баалары көрүнүктүү жерлерге илинип туруусу керектиги боюнча, Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” жана “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.