Кадамжай шаарында көмүр жана эт сатуучу түйүндөрдө мониторинг жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүнүн адистери, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери менен бирге 2026- жылдын 11-ноябрында Кадамжай шаарында көмүр жана эт сатуучу түйүндөрүнө мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүнүн 2026-жылдын 02-ноябрындагы №21 буйругуна ылайык Баткен облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдун чекене бааларынын максималдуу деңгээли белгиленгендигин тааныштыруу максатында топ базада көмүр сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын “Баалар жөнүндө”, Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдун укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын ченемдерин бузууга жол бербөө жана көмүрдүн, эттин баасынын негизсиз өсүшун алдын алуу максатында, сатуучулар арасында тушундурүү иштери жүргүзүлдү.