Араван районунда уй жана кой этинин макулдашылган бааларынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү (мындан ары – ары Бөлүм), Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2026- жылдын 21-августундагы эт жана эт азыктары рыногундагы кырдаалды турукташтыруу жана баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча тапшырмасын аткаруу максатында, Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Ош облусунун аймагындагы райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Ош облусунун аймагында сатылып жаткан эт жана эт азыктарынын бааларын негизсиз жогорулашын алдын алуу максатында тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан уй жана кой этинин сунушталган максималдуу чекене баалары боюнча, Бөлүм тарабынан Ош облусунун аймагындагы бардык райондордогу эт сатуучулар менен макулдашуулар түзүлгөн. Түзүлгөн макулдашуулардын негизинде, Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан 2026-жылдын 16-октябрында Араван райондук мамлекеттик администрациясынын, ветеринардык кызматтын жана Араван айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн адистери менен биргеликте Ош облусунун Араван районунун сатылып жаткан уй жана кой этинин макулдашылган бааларынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында, аталган жайдагы эт сатуучуларга уй жана кой этинин баасын макулдашылган баадан жогору сатпоо, керектөөчүлөр үчүн сатылып жаткан эттин баалары көрүнүктүү жерлерге илинип туруусу керектиги боюнча жана Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” жана “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгында, уй эти 770 сомдон, кой эти 880 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды.