Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
11.09.2026 Маалымат борбору

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн мыйзамсыз жарнамасы тууралуу эскертет

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жарандарды жана жарнама рыногунун катышуучуларын мыйзам талаптарын бузуу менен финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жарнамалоого жол берилбестиги тууралуу эскертет.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын кайрылуусуна байланыштуу монополияга каршы орган социалдык тармактарда жана башка жарнамалык аянтчаларда жарандардын акча каражаттарын инвестиция, зайым жана башка финансылык инструменттер түрүндө тартуу боюнча сунуштардын жайылтылышы көбөйүп жаткандыгына көңүл бурат.

Айрым учурларда тиешелүү лицензиялардын жана уруксат берүүчү документтердин бар экендиги тастыкталбастан, жылдык 20–30%га чейинки кепилденген кирешелүүлүк сунушталууда.

Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 24-декабрындагы № 155 «Жарнама жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, финансылык жана инвестициялык кызмат көрсөтүүлөрдү жарнамалоодо жана жайылтууда иштин келечектеги натыйжалуулугуна (кирешелүүлүгүнө) карата кепилдиктерди, убадаларды же божомолдорду көрсөтүүгө жол берилбейт. Эгерде жарнама берүүчүнүн иши лицензияланууга тийиш болсо, тиешелүү лицензиянын бар экендиги тастыкталууга тийиш.

Ушуга байланыштуу жарнама берүүчүлөр, жарнама агенттиктери, жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармактардагы баракчалардын администраторлору жана интернет-аянтчалар жарандардын акча каражаттарын тартууга байланышкан жарнамалык материалдарды жайгаштырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алышы, жарнамаланып жаткан финансылык иштин мыйзамдуулугун текшериши жана шектүү жарнамаларды жайгаштырууга жол бербеши зарыл.

Акча каражаттарын мыйзамсыз тартуунун же кепилденген кирешелүүлүктүн белгилери бар жарнамалар аныкталган учурда, тиешелүү иштин мыйзамдуулугу тастыкталганга чейин мындай жарнамаларды жайылтуу токтотулууга тийиш.

Жарнама жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик каралган.