Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
03.09.2026 Маалымат борбору

Чоң-Алай районунда уй жана кой этинин сунушталган максималдуу чекене баалары боюнча макулдашуулар түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү (мындан ары – ары Бөлүм), Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2026-жылдын 21-августундагы эт жана эт азыктары рыногундагы кырдаалды турукташтыруу жана баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча тапшырмасын аткаруу максатында, Бөлүм тарабынан 2026-жылдын 21-августунда Ош облусунун аймагындагы райондук мамлекеттик администрацияларга уй жана кой этин сатуу боюнча жума сайын жарманкелерди уюштуруу жана ар бир аймакта эт сатуучу социалдык дүкөндөрдү ачуу боюнча сунуштар жөнөтүлгөн.

Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан уй жана кой этинин сунушталган максималдуу чекене баалары боюнча, 2026-жылдын 24-августунда Ош облусунун Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясында Бөлүмдүн башчысы Ы.Ж.Осмоновдун, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким М.Т.Шамыркановдун, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана базардагы эт сатуучулардын катышуусунда Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы эт сатуучулардын ортосунда уй жана кой этинин сунушталган максималдуу чекене баалары боюнча макулдашуулар түзүлдү.

Жогорудагылардын негизинде, Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагында уй жана кой этинин максималдуу чекене бааларын макулдашуу учурунда, эт сатуучуларга макулдашылган баадан жогору сатпоо жана макулдашылган уй жана кой этинин бааларын керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жерлерге илинип туруусу керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошону менен бирге, Ош облусунун аймагында уй жана кой этинин макулдашылган максималдуу чекене бааларынын сакталышын контролдоо боюнча, Ош облусунун аймагындагы райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Бөлүм тарабынан мындан ары дагы тиешелүү иштер жүргүзүлөт.   

Сүрөт галереясы