Лондон университеттик колледжинин профессору атаандаштыкты баалоо методологиясы жана санарип экономиканы жөнгө салуу боюнча лекция окуду
Бүгүн Лондондун университеттик колледжинин (UCL) укук факультетинин профессору Иоаннис Лианостун атаандаштыкты талдоонун заманбап ыкмаларына жана санарип рынокторду жөнгө салууга арналган билим берүү лекциясы өттү.
Профессор товардык жана географиялык рынокторду аныктоодо колдонулган куралдар — атап айтканда, гипотетикалык монополист тести жана SSNIP методу — жөнүндө айтып берди, ошондой эле бириктирүүлөрдү баалоодо рыноктук үлүштөрдүн жана концентрация көрсөткүчтөрүнүн ролун көрсөттү.
Лекциянын экинчи бөлүгү санарип платформалар менен экосистемалар салттуу атаандаштык укугуна коюп жаткан татаалдыктарга арналды: тармактык эффекттердин мүнөзүнө, экосистема ичиндеги жана экосистемалар ортосундагы атаандаштыкка, ошондой эле санарип чөйрөдө рыноктук бийликти өлчөөнүн жаңы ыкмаларына. Эл аралык жөнгө салуу тажрыйбасына — Европа Биримдигинин Санарип рыноктор жөнүндөгү мыйзамына (DMA), «гейткипер» компаниялардын статусуна жана альтернативдүү жөнгө салуу моделдерине — өзгөчө көңүл бурулду.
Лекция атаандаштык укугу тармагындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасы үчүн барган сайын актуалдуу болуп жаткан санарип рынокторду жөнгө салуу боюнча эл аралык тажрыйба менен таанышуу иштеринин бир бөлүгү болду.