Ош шаарында социалдык маанилүү товарлардын жана күйүүчү майдын бааларына мониторинг жүргүзүлдү
Бүгүн, 2026-жылдын 1-июлунда, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери шаар аймагындагы социалдык маанидеги азык-түлүк товарларынын жана күйүүчү-майлоочу майлардын (КММ) чекене бааларына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингтин алкагында биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын бааларын негизсиз жогорулатуу фактыларына жол бербөө, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана Ош шаарындагы базарларда туруктуулукту камсыз кылуу.
Ун, нан, эт, өсүмдүк майы, кумшекер, сүт азыктары жана сезондук жашылчалар.
мамлекеттик жөнгө салуунун алкагында АИ-92 жана АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин, дизель майынын жана суюлтулган газдын баалары.
баалардын туура коюлушу (ценниктердин болушу) жана мамлекет тарабынан белгиленген чектелүү баалардын сакталышы.
Жыйынтыгында соода түйүндөрүнүн, базарлардын жана май куюучу станциялардын (АЗС) администрацияларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ишкерлерге жайкы сезондун кызуу учурунда бааларды алып-сатарлык менен жасалма көтөрүүгө жол берилбестиги эскертилди. Жасалма тартыштык же баа боюнча өз ара келишип алуу фактылары аныкталган учурда, мыйзам бузуучулар КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат экендиги эскертилди.