Өзгөн районунда күйүүчү-майлоочу материалдардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8- сентябрындагы “Социалдык манилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” №455 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-майындагы “Күйүүчү-майлоочу материалдарга рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №369 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2026- жылдын 26-майындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында АИ-92 жана АИ-95 маркасындагы бензинге, дизель майына жана суюлтулган көмүр суутек газына (СКСГ) болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” №106 буйругун аткаруу, бааларды турукташтыруу жана алардын негизсиз өсүүсүнө жол бербөө максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2026-жылдын 8- июнундагы жана 2026-жылдын 12-июнундагы “Кырыгыз Республикасынын аймагында АИ-92 жана АИ-95 маркасындагы бензинге,дизелдик отунга жана суюлтулган көмүр-суутек газына (СКГ) максималдуу чекене бааларды белгилөө жөнүндө” №45 жана №50 буйруктарын аткаруу максатында, 2026- жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында мониторинг жүргузүлдү. Мониторинг жүрүшүндө, Ош облусунун аймагында күйүүчү-майлоочу материалдардын белгиленген чекене баасынын жогорулашына жол бербөө, Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык баалардын (ценник) болушу,Ош облусунун аймагында күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене бааларынын белгиленген максималдуу денгээлин керектөөчүлөргө көрүнүктүү жана жеткиликтүү жерлерге жайгаштыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.