Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
26.06.2026 Маалымат борбору

Эттин баасына жүргүзүлгөн мониторинг жөнүндө

2026-жылдын 24-июнунда, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана аймактык милиция кызматкерлери менен биргеликте Кадамжай районунун ИсхакПолотхан айыл аймагынын Жеңиш айылында жайгашкан “Баяман баатыр” базарында эт сатуучуларга негизсиз эттин баасын көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын “Баалар жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын ченемдерин бузууга жол бербөө жана эттин баасын негизсиз өсүшүн алдын алуу максатында сатуучулар арасында түшүндүрүү иш-чаралары өтүлдү.

Сүрөт галереясы