Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
15.06.2026 Маалымат борбору

Ноокат филиалында накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу шарттарынын камсыздалышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өктөмүнүн 2015- жылдын 23-декабрындагы №869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 1-2-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнун кызматкерлери тарабынан накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттин агенттиктин Ноокат филиалына мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг жүрүшүндө банктык төлөм карталарын,электрондук акчаны,эки өлчөмдүү штрихкод символун (QR-код) пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуулары үчүн арналган жабдуулары бар экендиги аныкталды.