Улуттук стандарттагы эки өлчөм штрих-код белгилеринин (QR-код) болушун камсыздоо боюнча мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2026-жылдын 29-май күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн жана Баткен шаардык салык кызматынын өкүлү менен биргеликте Баткен шаарында соода түйүндөргө жана дүкөндөргө товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн Улуттук стандарттагы эки өлчөм штрих-код белгилеринин (QR-код) болушун камсыздоо максатында мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг жүргүзүү учурунда 17 чарбалык субъектилер камтылып, алардын ичинен 16 субъектиде эки өлчөм штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуп жатышканы белгилүү болду, ал эми калган субъектилерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.