Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
14.05.2026 Маалымат борбору

Кыргызстандагы КММ рыногундагы учурдагы абал тууралуу

Кыргыз Республикасына мунай заттарын жеткирүү Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын энергетика министрликтеринин ортосундагы колдонуудагы Өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын мунай заттарына болгон жылдык муктаждыгы болжол менен 1,6 млн тоннаны түзөт.

Кыргыз Республикасынын “Баа түзүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, 2023-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен Кыргызстандагы май куюучу станциялардын (МТС) кеңири тармагына ээ болгон нефть трейдерлеринин ортосунда калк үчүн мунай заттарын сатуу рыногунда кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлган.

Макулдашууга ылайык, нефть трейдерлери тышкы факторлорду жана өздөрүнүн ички саясатын эске алуу менен калк үчүн мунай заттарынын баалык жана физикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, мунай заттарынын жетиштүү көлөмдөгү запастарын түзүүгө жана ички рынокто тартыштыкка жол бербөөгө милдеттенишкен.

Күйүүчү-майлоочу майлардын бааларынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча иштердин алкагында Кызматтын аянтчасында туруктуу негизде Кыргыз Республикасынын нефть трейдерлери менен жолугушуулар жана жумушчу кеңешмелер өткөрүлүп турат. Анда КММ жеткирүү, баалар, запастар, логистика жана Кыргызстандын КММ рыногуна таасир этүүчү башка маселелер талкууланат.

Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы май куюучу станцияларда мунай заттарынын чекене бааларына күн сайын мониторинг жүргүзүлүп, ЕАЭБ мамлекеттериндеги КММ бааларына салыштырма талдоо жүргүзүлөт.

Нефть трейдерлеринин маалыматы боюнча, учурдагы запастар 1–1,5 айга жетет.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги КММнын орточо салыштырма баалары

2026-жылдын 14-майына карата, сом/литр

Күйүүчү май түрүКыргызстан (Бишкек)КазакстанРоссияБеларусьАрменияТажикстанӨзбекстан
Аи-9278,445,276,679,6119,6109,791,3
Аи-9584,460,982,082,7126,5128,3100,7
Дизель майы91,963,292,882,7135,7128,394,2
СУГ43,921,636,840,964,467,947,5

Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстандагы (Бишкек ш.) КММ баалары Армения, Тажикстан жана Өзбекстанга караганда кыйла төмөн, Беларусь менен салыштырмалуу деңгээлде, бирок жеткирүүчү өлкө болгон Россия Федерациясына жана өндүрүүчү өлкө болгон Казакстанга салыштырмалуу жогору бойдон калууда (валюта курсун эске алуу менен).

Кыргызстандагы абал башка өлкөлөргө салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда. Бул негизинен Россиядан кепилденген жеткирүүлөрдүн болушу менен байланыштуу. Россияда мунайдын жетиштүү көлөмү бар жана логистика кургактык аркылуу жүргүзүлөт, башкача айтканда деңиз жолдоруна көз каранды эмес. Бул туруктуулуктун негизги фактору болуп саналат.

Ал эми Казакстанда мунай өндүрүү жана кайра иштетүү иштери жүргүзүлөт. Мындан тышкары, мунай тармагы мамлекеттик субсидиялар жана башка колдоо чаралары аркылуу колдоого алынат. Бул Кыргыз Республикасына салыштырмалуу КММ бааларынын төмөн болушуна таасирин тийгизет.

Дүйнө өлкөлөрүндөгү КММнын орточо салыштырма баалары

2026-жылдын 14-майына карата, сом/литр

Күйүүчү май түрүКыргызстанКытайПакистанИндияТүркияГрузияГерманияАнглия
Аи-9278,4115125103135122205201
Дизель майы91,911813894150132,5215210
СУГ44,06544656753,5115113