Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы атаандаштык жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча авиа компанияларга эскертүү берди
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (мындан ары-Кызмат) Бишкек-Ош-Бишкек ички багыты боюнча жүргүнчүлөрдү авиа майдан аркылуу ташууну жүзөгө ашырган авиа компанияларга эскертүү берилгендигин билдирет.
Жарандардын кайрылууларынын, массалык маалымат каражаттарында жарыялардын жана социалдык тармактардагы талкуулардын негизинде, ошондой эле алдыдагы май майрам күндөрүн эске алуу менен, Кызмат тарабынан жүргүнчүлөрдү авиа майдан аркылуу ташуу рыногуна алдын ала талдоо жана мониторинг жүргүзүлдү.
Жүргүзүлүп жаткан талдоонун жыйынтыгында аталган багытта авиабилеттердин баасынын кескин өсүшүнүн белгилери аныкталды. Айрым авиакомпанияларда билеттин баасы бир тарапка 8 820 сомго чейин жетсе, башка рынок катышуучуларында окшош шарттарда баалар 6 000 сом чегинде болгон.
Алдын ала талдоо жана мониторингдин жыйынтыгы көрсөтүп тургандай, аныкталган жагдайлар экономикалык жактан негизделбеген бааларды белгилөө боюнча атаандаштык мыйзамдарынын бузулушунун белгилерин, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо мыйзамдарынын талаптарынын бузулушун - тактап айтканда, жүргүнчүлөрдү толук эмес же ишенимсиз маалымат менен камсыз кылуу фактыларын көрсөтүшү мүмкүн.
Жогорудагылардын негизинде, белгисиз сандагы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында, Кызмат, төмөнкү авиа компанияларга Кыргыз Республикасынын колдонуулагы мыйзамдарынын талаптарын так сактоо жөнүндө эскертүү берилди: «AVIA TRAFFIC COMPANY» ЖЧК, «TEZJET» ЖЧК, «АЭРО НОМАД ЭЙРЛАЙНС» ЖЧК, «Sky FRU» ЖЧК жана Авиакомпания «Асман Эйрлайнс» ЖЧК.
Үстөмдүк абалды ээлеген субъект катары «TEZJET» ЖЧКсына берилген эскертүүдө, атаандаштык шартында салыштырылуучу рынокто калыптанган деңгээлдеги баадан ашырбоо зарылдыгы көрсөтүлдү. Учурда Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча бир тарапка билеттин баасы болжол менен 6 000 сомду түзөт.
Эскертүүлөрдүн аткарылышы боюнча авиакомпаниялар маалыматты белгиленген мөөнөттө Кызматка берүүгө милдеттүү.
Кызмат жүргүнчүлөрдү авиа майдан аркылуу ташуу рыногун мындан ары да көзөмөлдөөнү, талдоону улантат жана мыйзам бузуулар аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрөт.