«Евразия» дүкөндөр тармагында социалдык жактан маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери «Евразия» дүкөндөр тармагында социалдык жактан маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин негизги максаты — баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө жана керектөө рыногунда туруктуулукту камсыз кылуу болуп саналат.
Мониторингдин жүрүшүндө соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен баа тартибин сактоо, товарлардын бааларынын кескин өзгөрүшүнө жол бербөө, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы мыйзам талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле баа белгилерин керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жерлерде жайгаштыруу жана баа түзүүнүн ачыктыгын камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат.