Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
10.04.2026 Маалымат борбору

“Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык ишканасынын тарифтерин кароонун жыйынтыгы тууралуу

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2024-жылдын 29-декабрындагы “2025-2030- жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын иш-чаралар планын (2025-2027-жылдардын орточо мөөнөтү мезгилинде 1-этап үчүн) бекитүү жөнүндө” №211 буйругун аткаруу максатында, Кызыл-Кыя шаарында 2026-жылдын 07-апрель күнү «КызылКыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын ичүүчү суу жана саркынды суусун чыгаруу тарифи талкууланды. Бул иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын биринчи вице мэри Курбанов Жаныш Абдухалилович, мэрдин экинчи орун басары Бабаев И., финансы бөлүмүнүн башчысы Куштаров Ж. жана аталган иш кананын жетекчилиги ж.б. катышты. Талкуунун жүрүшүндө керектөөчүлөрдүн укуктары сакталуулары боюнча талаптар койулду. Ошондой эле ичүүчү сууну керектөөчүлөргө жеткирүүдө бир топ зыян тартып атышкандыгы боюнча да маалыматтар угулду. «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын ичүүчү суу тарифинин 1 м3 колдонулуп жаткан баасы 18,11 сом болсо, 2026-жылга долбоору 20,22 сом, же айырма 2,11 сомго же 11,6%, ал эми саркынды суунун тарифи 0,5% айлык акынын, электрэнергиянын, материалдардын баасынын жогорулашынын эсебинен тарифи жогорулаган Жыйынтыгында ичүүчү сууга болгон тарифтердин эсептик материалдары каралып коомдук талкууга коюлду.