10.04.2026
Маалымат борбору
Бишкек шаарында эс алуу парктарындагы жана соода-оюн-зоок борборлорундагы аттракциондордун иштеши маселеси каралды
Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан эс алуу парктарындагы жана соода-оюн-зоок борборлорундагы аттракциондордун иштеши маселеси боюнча өткөрүлгөн жыйынга катышышты.
Иш-чарага муниципалдык райондук администрациялардын, Бишкек шаары боюнча ӨКМ башкармалыгынын, Бишкек шаарынын ИИББнин жана Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө аттракцион кызмат көрсөтүүлөрүнүн баа саясаты, коопсуздук талаптарынын сакталышы жана жабдуулардын техникалык абалы боюнча маселелер каралды.