Каракол шаарындагы сүттү кайра иштетүүчү заводтор тарабынан сатып алуучу жайкы мезгилине чийки сүткө базалык баалары белгиленди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2- декабрындагы №724 токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген «Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө» жобого ылайык, ошондой эле, Каракол шаардык мэриясынын алдындагы ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан берилген жана каралып чыккан эсептик материалдарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 8 буйругу менен Каракол шаарындагы сүттү кайра иштетүүчү заводтор сатып алуучу 3,4% базалык майлуулугу менен чийки сүткө “Ак-Булак Плюс” ЖЧК 31,05 сом/л, “Ысык-Көл Сүт” ЖЧК 44 сом/л, “Май-Булак Каракол” ЖЧК 32,72 сом/л, “Ала-Тоо Сүт” АЧК 32,27 сом/л өлчөмүндө баалар белгиленди. Майлуулугуна жараша сатып алуу баасынын деңгээли төмөндөшү же жогорулашы мүмкүн. Анда майлуулуктун базистен четтөөсүнө жараша кайра эсептөөлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы №724 токтому менен бекитилген чийки сүттүн баасын белгилөө тартибиндеги тиркемедеги Ченемдерге (Нормативге) ылайык жүргүзүлөрү белгиленсин.