Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
07.04.2026 Маалымат борбору

Социалдык жактан маанилүү товарлардын баасына мониторинг жөнүндө

2026-жылдын 4-апрелинде, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн башчысы М.М.Исаев, жергиликтүү бийлик органдык өкүлдөрү менен биргеликте Самаркандек айыл аймагындагы Самаркандек базарындагы социалдык жактан маанилүү товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлдү, жыйынтыгында уй этинин баасы 1 кг 700 сомго чейин, суу майынын баасы 1 л 150 сомдон, жумуртканын 10 даанасы 120 сом, кум шекер 1 кг 85 сом, 1 сорт уну 1 кг 32 сом, картошка 1 кг 52,5 сом, пияз 1 кг 25 сом, сабиз 1 кг 33 сомдон сатылууда, азык-түлүктүн куру жетиштүү, баалары мурдагы жумаларга салыштырмалу картошка 10 сомго, сабиз 30 сомго арзан сатылууда Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын “Баалар жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын ченемдерин бузууга жол бербөө жана эттин баасынын негизсиз өсүшүн алдын алуу максатында сатуучулар, касапчылар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Сүрөт галереясы