Авиакаттамдар рыногун жөнгө салуу жана авиабилеттердин бааларынын ачыктыгын камсыз кылуу маселелери талкууланды
2026-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын (мындан ары – Кызмат) аянтчасында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык Авиация мамлекеттик агенттигинин (мындан ары – ЖАМА) өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө жүргүнчүлөрдү аба аркылуу ташууларды сатуу жана брондоо кызматтарын сертификациялоо жөнүндө жобонун долбоору (мындан ары – Долбоор) боюнча пикир келишпестиктер каралды.
Буга чейин Кызмат тарабынан долбоорго карата сын-пикирлер жана сунуштар жөнөтүлгөн. Атап айтканда, ички аба каттамдарында авиабилеттердин жогорку баалары боюнча керектөөчүлөрдөн түшкөн даттанууларды эске алуу менен, агенттердин жана субагенттердин ишин тартипке келтирүү, рынокто бирдей шарттарды камсыз кылуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында аны кайра иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленген.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан четке кагылгандыгы маалымдалды. Ушуга байланыштуу, ЖАМА тарабынан авиабилеттерди сатуу боюнча кызмат көрсөтүү тууралуу типтүү келишим иштелип чыгууда.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү улантуу жана Типтүү келишимде төмөнкү талаптарды камсыз кылуу чечими кабыл алынды:
авиабилеттердин баа түзүмүнүн ачыктыгы;
агенттердин, субагенттердин үстөктөрүнүн чектик деңгээлин белгилөө мүмкүнчүлүгү;
ЖАМА тарабынан авиакомпаниялар боюнча авиабилеттердин бааларынын бирдиктүү маалымат базасын түзүү жана аны керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн расмий сайтка жайгаштыруу, ошондой эле QR-код аркылуу жетүү жана билеттерди андан ары төлөө мүмкүнчүлүгүн караштыруу;
керектөөчүлөрдү билеттерди сатып алуу жолдору тууралуу маалымдоо (ММК, социалдык тармактар/интернет-ресурстар аркылуу);
монополияга каршы мыйзамдардын, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо.