02.04.2026
Маалымат борбору
Токмок шаарында социалдык маанидеги товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү
Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Токмок шаарынын мэриясы, Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы, ветеринардык кызмат жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл менен биргеликте Токмок шаарында баалардын өсүшүнө жол бербөө максатында касапканаларда, ошондой эле социалдык маанидеги товарлардын бааларын көзөмөлдөө боюнча мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин алкагында ишкерлер менен баа тартибин сактоо, бааларды кармап туруу жана алардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.