Бишкекте «Дордой Моторс» базарында атаандаштык мыйзамынын бузулушу боюнча мониторинг жүргүзүлдү
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын атаандаштык жөнүндө мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузулушу боюнча келип түшкөн арызды кароонун алкагында «Дордой Моторс» базарынын аймагында көчмө иш-чара өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын өкүлдөрү, салык органдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим, инновациялар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте көчмө текшерүү жүргүзүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө комиссия тарабынан арызда көрсөтүлгөн маселелер кылдат каралды. Базардагы ишкерлерге Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, белгиленген нормаларды так сактоо зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Биргелешкен мониторингдин жыйынтыгы боюнча комиссия тарабынан колдонуудагы мыйзамдардын алкагында жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде тиешелүү чаралар көрүлдү.
Бул багыттагы иштер улантылат.