Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
17.03.2026 Маалымат борбору

Ош облусунда керектөөчүлөрдүн укуктары боюнча семинар өткөрүлдү

Кызматынын төрагасы Айбек Мамыралиев тарабынан бекитилген иш-чаралар планына ылайык, 2026-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейин Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата бир айлык иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Аталган иш-чаралардын алкагында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү тарабынан Кара-Суу райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери үчүн семинар өткөрүлдү.

Семинардын жүрүшүндө керектөөчүлөрдүн укуктары, ошондой эле сатуучулардын, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн жоопкерчилиги тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнүн тарыхы жана анын кабыл алынган мезгили тууралуу түшүндүрмөлөр айтылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан керектөөчүлөрдү көбүрөөк кызыктырган бир катар суроолор көтөрүлдү. Алардын ичинде сапатсыз товарларды кайтарып берүүдө жаралган талаш маселелер, базарларда жана кичи соода түйүндөрүндө сатып алынган товарлар үчүн кассалык чектердин берилбеши, ошондой эле керектөөчүлөр үчүн маалыматтын жетишсиздиги сыяктуу маселелер болду.

Мындан тышкары, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын талаптарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү.

Сүрөт галереясы