Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата Таласта түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү
Талас облустук бөлүмү Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата уюштурулган бир айлык иш-чаралардын алкагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Талас облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун чоң жыйындар залында борбордун кызматкерлеринин катышуусунда маалыматтык жолугушуу өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган видеороликтер жана презентациялык материалдар проектор аркылуу көрсөтүлүп, катышуучуларга керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча маалыматтар жеткиликтүү жана түшүнүктүү формада сунушталды.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын негизги жоболору кеңири түшүндүрүлүп, керектөөчүлөрдүн укуктары жана милдеттери тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле мыйзам талаптары бузулган учурларда Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 390-беренесине ылайык каралган жоопкерчилик жана айып пулдар тууралуу түшүндүрмөлөр айтылды.
Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын негизги ишмердүүлүгү, милдеттери жана жүргүзүп жаткан иштери тууралуу да маалымат берилди.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооптор берилип, кызматкерлер менен жандуу пикир алмашуу уюштурулду.