Сүттүн чийки баалары боюнча иш-чаралык жолугушуу өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-декабрындагы “Чийки сүткө базалык бааларды белгилөө жөнүндө” №724 токтому менен бекитилген, Чийки сүттүн базалык бааны белгилөө тартибин (мындан ары - тартип) ишке ашыруунун алкагында, 2026-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлү менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.
Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча чийки сүттүн базалык бааларын аныктоо маселелери каралды.
Жумушчу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, фермерлерди колдоо жана Кыргыз Республикасынын аймактарында сүт тармагын өнүктүрүүнү илгерилетүү максатында чийки сүттүн базалык бааларын аныктоодо айкын мамиле көрсөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ведомстволор аралык жумушчу топтор менен ишти күчөтөт. Тартипке ылайык, чийки сүттүн базалык баалары ведомстволор аралык жумушчу топтор тарабынан сүттү кайра иштетүүчү ар бир завод үчүн ар бир кызыкдар тараптардын пикирин эске алуу менен 15-сентябрга чейинки мөөнөттө кышкы мезгилге жана 15-мартка чейинки мөөнөттө жайкы мезгилге сүттү кайра иштетүүчү заводдордун чийки затка болгон керектөөлөрүн жана чийки сүттүн базалык баасына таасир этүүчү башка факторлорду эске алуу менен аныкталат.