Түп райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскурантын макулдашуу боюнча
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн 27.03.2023 ж № 11 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 жылдын 10 февралындагы “Аткаруу бийлик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесин) бекитүү жөнүндө” №85 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000 жылдын 26 октябрындагы “Мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн тартиби жөнүндөгү” №637 токтомунун негизинде Түп райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын прейскуранты макулдашылды (5 позицияда).