Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996(312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
11.05.2023

Ош шаарында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча пландык текшерүү өттү

Ош шаарында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча пландык текшерүү өттү
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Ош аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгын пландык текшерүү убагында мыйзам бузуулар аныкталды. Пландык текшерүү жүргүзүү учурунда, Ош аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” жөнүндөгү мыйзамдын 7-9-беренелери сакталган эмес. Тактап айтканда Монополияга каршы орган менен макулдашылган акы төлөөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери тууралуу маалымат элге көрүнүктүү жерге илинген эмес. Жогорудагылардын негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” Мыйзамынын 7-9-беренесин сакталбагандыгы үчүн Ош аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына эскертме (предписание) берилди.