Таласта керектөөчүнүн интернет кызматын пайдалануу укугу корголду
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнө Койлубаева С.К. аттуу жаран тарабынан онлайн кайрылуу кабыл алынып, бөлүм тарабынан Кыргыз Республикасынын “ Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сактоо максатында териштирүү иштери жүргүзүлдү. Тактап айтканда, Талас шаарынын А. Огомбаев көчөсүндө жашаган тургун аталган көчөдө жол ондоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу интернет кабели үзүлүп, 2026-жылдын 9-июнунан тартып интернет байланышы жок болгондугун билдирген. Керектөөчү бул маселе боюнча кызмат көрсөтүүчү тарапка 4 жолу кайрылып бирок кайрылуусу каралбай жаткандыгын айткан. Кайрыбылуунун негизинде Талас облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан жеринен териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн "Нур Телеком” ЖЧК жайгашкан кеңсесине барып кызматкерлер менен жолугушушту. Жыйынтыгында кызмат көрсөтүүчү тараптын жетектөөчү инженери менен сүйлөшүүдө, А. Огомбаев көчөсүндө интернет кабели 4 жолу оңдоодон өтүп бирок, жолду оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан кайрадан үзүлүп тоскоолдук жаралып жаткандыгына байланыштуу жетекчилиги тарабынан жол оңдоо иштери толук бүткөндөн кийин интернет кабелин ордуна келтирерин билдирген. Аны менен катар керектөөчүгө интернет үзгүлтүккө учураган күндөрдүнө кайра эсептөөлөр жүргүзүлуп берүү сунуштары каралган. Арыз менен кайрылуучу тарап берилген сунушка макул болуп, керектөөчүнүн укугу Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо" жөнүндө мыйзамынын талаптарына ылайык канааттандырылды.