Туруктуулук стратегиясы: КР Министрлер Кабинети КММ рыногундагы тең салмактуулукту кантип камсыз кылууда
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрү жана коңшу мамлекеттер боюнча күйүүчү-майлоочу материалдардын бааларына талдоо жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы төмөнкүлөрдү көрсөттү:
**ЕАЭБ өлкөлөрү жана коңшу мамлекеттер боюнча КММ баалары
2026-жылдын 23-апрелине карата 2026-жылдын 12-январы менен салыштырганда
(сом/литр)**
| Дата / көрсөткүч | КММ түрү | Кыргызстан (Бишкек) | Казакстан | Орусия | Беларусь | Армения | Тажикстан | Өзбекстан |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 12.01 | Аи-92 | 75,5 | 41,4 | 69,1 | 75,3 | 114,4 | 90,7 | 84,0 |
| 23.04 | Аи-92 | 77,9 | 45,5 | 74,5 | 79,3 | 121,9 | 96,0 | 90,0 |
| Өсүү динамикасы | 2,4 | 4,1 | 5,4 | 4,0 | 7,5 | 5,3 | 6,0 | |
| 12.01 | ДТ | 80,6 | 58,0 | 84,4 | 78,3 | 114,4 | 105,9 | 93,4 |
| 23.04 | ДТ | 86,4 | 63,7 | 90,3 | 82,4 | 135,7 | 112,6 | 93,6 |
| Өсүү динамикасы | 5,8 | 5,7 | 5,9 | 4,1 | 21,3 | 6,7 | 0,2 | |
| 12.01 | СУГ | 38,7 | 19,4 | 33,3 | 40,4 | 48,1 | 57,7 | |
| 23.04 | СУГ | 42,9 | 21,2 | 36,8 | 42,0 | 52,9 | 60,9 | |
| Өсүү динамикасы | 4,2 | 1,8 | 3,5 | 1,6 | 4,8 | 3,2 |
Баалар сом менен тиешелүү даталардагы колдонуудагы валюта курсуна жараша аныкталарын белгилеп кетүү маанилүү.
Таблицадан көрүнүп тургандай, башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда, Бишкек шаарында, баалар Армения, Тажикстан жана Өзбекстанга караганда кыйла төмөн, ал эми Беларусь Республикасындагы баалар менен салыштырмалуу деңгээлде. Ошол эле учурда Россиядагы дизель майынын баасы Кыргызстанга караганда жогору.
Эгерде жыл башынан бери Кыргызстанда бензиндин баасы 2,4 сомго жогоруласа, Арменияда — 7,5 сомго, Тажикстанда — 5,3 сомго, Өзбекстанда — 6 сомго, Казакстанда — 4,1 сомго, Орусия — 5,4 сомго жогорулаган.
Мунай өндүрүүчү өлкөлөрдө, атап айтканда Казакстанда жана Россияда, КММ баалары Кыргызстанга караганда төмөн. Ал эми Кыргызстандын ичинде аймактар боюнча баалар ар башка жана көп учурда Бишкек шаарындагы баалардан айырмаланат.
Бул жагдайдын жөнөкөй түшүндүрмөсү бар. Маселе аралыкта гана эмес, логистикада, көлөмдө жана тобокелдиктерде. Күйүүчү май Россиядан ири партиялар менен, темир жол цистерналары жана вагондор аркылуу келет. Көлөм канчалык чоң болсо, бир литрге болгон логистикалык чыгым ошончолук төмөн болот. Мындан тышкары, туруктуу жана коопсуз маршруттар, мунай базалары, узак мөөнөттүү түзүлгөн келишимдер бар.
Ошондуктан Россия менен Бишкек шаарынын ортосундагы айырма чоң эмес, ал эми өлкө ичиндеги айырма кыйла байкалат.
Күйүүчү май Кыргызстандын аймагына темир жол жана автомобиль транспорту аркылуу жеткирилет. Ал эми Баткен облусу сыяктуу алыскы аймактар Бишкек шаарынан КММ ташууга байланыштуу жогорку логистикалык чыгымдарды тартат. Маршрут тоолуу ашуулар, мисалы Бишкек–Ош трассасынын айрым участоктору, тар жолдор, тоннелдер, серпантиндер аркылуу өтөт. Ошондой эле кар, таш кулоо, муз тоңуу сыяктуу аба ырайына байланыштуу тобокелдиктер да бар.
Мында сезондуулукту да эске алуу зарыл. Кыш мезгилинде, айрыкча тоолуу жана жетүүгө кыйын райондордо, аба ырайынын шарттарынан улам күйүүчү май жеткирүү татаалдашат, бул кошумча түрдө баанын өсүшүнө таасир этет. Ошол сыяктуу эле, айыл чарба сезонунда суроо-талаптын өсүшү логистикалык чынжырларга жүктөм жаратып, баалардын убактылуу жогорулашына алып келиши мүмкүн.
Ошондой эле бензовоздордун авариялуулугунун жогору болушу да таасирин тийгизет, бул күйүүчү майдын агып кетүү жана жол кырсыктарынын тобокелдиктерин көбөйтөт. Айрым убакыттарда, мисалы түнкүсүн, ташууга убактылуу чектөөлөр, октук жүк боюнча чектөөлөр жана башка талаптар колдонулат.
КММ ташууда кооптуу жүктү камсыздандыруу сыяктуу кошумча чыгымдар да пайда болот, анткени КММ жарылуу жана өрт коркунучу бар заттарга кирет. Мындан тышкары, жол фондуна төлөмдөр, КММди маркалоо жана башка чыгымдар кошулат. Башкача айтканда, коопсуздук жана камсыздандыруу талаптарынан улам КММ ташуу кадимки жүктөргө салыштырмалуу кымбатыраак.
Мындан тышкары, акыркы баанын түзүлүшүнө инфраструктуралык фактор да таасир этет: заманбап мунай базаларынын, кайра жүктөө пункттарынын жана май куюучу станциялардын өнүккөн тармагынын болушу же жоктугу. Инфраструктурасы чектелген аймактарда транспорттук чыгымдар гана эмес, сактоо, кайра жүктөө учурундагы жоготуулар жана үзгүлтүксүз камсыздоону камсыз кылуу чыгымдары да жогорулайт.
Рыноктук факторлор да маанилүү роль ойнойт. Аларга жеткирүүчүлөрдүн ортосундагы атаандаштыктын деңгээли, дүң сатып алууларга жеткиликтүүлүк жана келишимдердин финансылык шарттары кирет. Борбор калаада ири оюнчулар көбүрөөк топтолгондуктан жана жүгүртүү көлөмү жогору болгондуктан, атаандаштык чөйрө күчтүүрөөк калыптанат, бул баалардын өсүшүн кармап турууга өбөлгө түзөт. Ал эми аймактарда рынок көп учурда азыраак каныккан, бул да күйүүчү майдын баасына таасирин тийгизет.
Ошентип, Кыргызстандын ичиндеги КММ бааларынын айырмачылыгы логистикадан жана жеткирүү көлөмдөрүнөн тартып инфраструктурага, сезондуулукка жана рыноктун түзүмүнө чейинки бир катар факторлор менен шартталган.
Ушул объективдүү факторлордун бардыгы Бишкек шаары менен Баткен шаарынын ортосундагы баанын болжол менен 1 литрге 4 сом айырмаланышына алып келет.
Ошондуктан көп учурда парадоксалдуу көрүнүш жаралат: өлкө ичинде ташуу Орусия алып келүүгө караганда кымбатыраак болуп калат.
Төмөндө Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча орточо рыноктук чекене баалар көрсөтүлдү:
| № | Күйүүчү майдын түрү | Өлчөм бирдиги | КР боюнча | Бишкек ш. | Токмок ш. | Нарын ш. | Каракол ш. | Талас ш. | Ош ш. | Жалал-Абад ш. | Баткен ш. |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | Бензин АИ-92 | литр | 78,0 | 77,9 | 75,2 | 78,4 | 76,9 | 74,7 | 80,6 | 79,9 | 80,7 |
| 2 | ДТ | литр | 86,1 | 85,6 | 79,1 | 86,8 | 85,9 | 83,1 | 89,6 | 89,1 | 89,6 |
| 3 | СУГ | литр | 42,6 | 42,0 | 37,0 | 43,9 | 43,7 | 42,7 |