15.04.2026
Маалымат борбору
Кант жана Токмок шаарларында социалдык жактан маанилүү товарлардын бааларына комплекстүү мониторинг жүргүзүлдү
Соода түйүндөрүндө жана базарларда Кант жана Токмок шаарларында Чүй облусунун бөлүмүнүн кызматкерлери Токмок шаарынын мэриясынын, Мамлекеттик салык кызматынын, ошондой эле ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте жана участкалык милиция инспекторлорунун катышуусунда комплекстүү мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жүрүшүндө ишкерлер менен баа саясатын сактоо, бааларды негизсиз жогорулатууга жол бербөө жана алардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.