Новые заместители антимонопольной службы приступили к работе
Бүгүн, 2026-жылдын 2-апрелинде, Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын коллективине Төраганын жаңы эки орун басарларын тааныштырды.
Тааныштыруу учурунда Беназир Нурланова ведомствонун негизги иш багыттарын белгиледи. Алардын катарында — атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана катуу көзөмөл жүргүзүү. Орчундуу көңүл социалдык маанилүү товарлардын баасын көзөмөлдөөгө бурулду, бул бааларды шектүү көтөрүүлөрдөн сактоого жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Нурланова жаңы жетекчилердин кесиптик тажрыйбасы мамлекеттик тапшырмаларды системалуу түрдө жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берээрин белгиледи.
Жаңы орун басарлар:
Кадырбекова Нуржан Майназаровна
- 1980-жылы туулган, жогорку билимдүү, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин 2003-жылы бүтүргөн. Кесеби: юриспруденция.
- 2024-жылдын 20-майынан тартып Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
Кокошеров Санжарбек Шаршеналыевич
- 1991-жылы туулган, жогорку билимдүү, АУПКР, 2012-жыл, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу.
- Монополияга каршы кызматта 2013-жылдан 2023-жылга чейин иштеген.