АИ-95 маркасындагы бензиндин чекене бааларынын түзүлүшү боюнча түшүндүрмө
АИ-95 маркасындагы бензиндин чекене бааларынын өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы төмөнкүлөрдү билдирет.
Күйүүчү-майлоочу материалдардын ички рыногундагы баалардын туруктуулугун камсыз кылуу жана күйүүчү майдын наркынын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мунай продуктуларын импорттоону жана сатууну жүзөгө ашырган ишкердик субъекттерин субсидиялоонун убактылуу механизмин, ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдардын айрым түрлөрүнүн бааларын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүнү караган чаралар кабыл алынган.
Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-майындагы № 369 токтому менен мунай продуктуларын импорттоону жана сатууну жүзөгө ашырган ишкердик субъекттерин субсидиялоонун убактылуу механизми киргизилген. Бул механизм рынок катышуучуларын колдоого, импорттук операцияларды жүргүзүүдө каржылык жүктү азайтууга жана ички рынокко мунай продуктуларын туруктуу жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
Мындан тышкары, социалдык мааниге ээ товарлардын тизмесине киргизилген күйүүчү майдын айрым түрлөрүнө, тактап айтканда, АИ-92 маркасындагы бензинге, дизелдик отунга жана суюлтулган углеводород газына (СУГ) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Кызмат күйүүчү майдын аталган түрлөрүнө белгиленген максималдуу чекене баалардын сакталышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзөт.
Ошол эле учурда, АИ-95 маркасындагы бензин бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген социалдык мааниге ээ товарлардын тизмесине кирбегенин эске салабыз. Ушуга байланыштуу анын чекене баасын ишкердик субъекттери мунай продуктуларын сатып алуу наркын, жеткирүү шарттарын жана башка экономикалык факторлорду эске алуу менен өз алдынча түзүшөт.
Мында Кызмат күйүүчү-майлоочу материалдардын ички рыногундагы баа кырдаалына жалпы мониторинг жүргүзүүнүн алкагында АИ-95 маркасындагы бензиндин чекене бааларынын динамикасын, анын ичинде автомай куюучу станциялардын (АМКС) ар кайсы тармактарындагы баасынын өзгөрүшүн да көзөмөлдөйт.
Белгилей кетүүчү нерсе, айрым АМКС тармактарынын ортосундагы АИ-95 бензининин чекене бааларындагы айырмачылыктар сатып алуу ишинин өзгөчөлүктөрүнө, жеткирүү шарттарына жана күйүүчү майдын наркын түзгөн башка факторлорго байланыштуу болушу мүмкүн. Кызмат рыноктогу жалпы баа кырдаалын талдоодо бул өзгөрүүлөрдү эске алат.
Ошентип, АИ-95 маркасындагы бензиндин чекене баалары киргизилген убактылуу мамлекеттик баа жөнгө салуунун алкагына кирбейт, бирок алардын өзгөрүшү күйүүчү-майлоочу материалдар рыногуна туруктуу мониторинг жүргүзүүнүн алкагында Кызматтын көңүл чордонунда турат.