Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
17.11.2026 Маалымат борбору

Чек арасыз адилеттүү атаандаштык: Кыргызстан Москвадагы эл аралык конференцияда

Кыргызстан монополияга каршы саясат боюнча эл аралык аянтта

11–12-ноябрда Москвада, Жогорку экономика мектеби улуттук изилдөө университетинде «Монополияга каршы саясат: илим, практика, билим берүү» аттуу XI Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Кызматыбызды ага Россия Федерациясынын Федералдык монополияга каршы кызматы (ФАС) чакырган.

Кызматтын атынан эки адис катышты: табигый монополияларды жана баалар (тарифтер) жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги Б. Т. Сатыгулов жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Н. К. Имиргазиев.

ШКУ өлкөлөрүнүн картелдерге каршы күрөшүү боюнча эксперттик жумушчу тобунун жыйынында Б. Сатыгулов Беларусь, Иран, Казахстан, Кытай, Пакистан жана Россиянын кесиптештерине 2026-жылдын 21-майындагы № 72 «Атаандаштык жөнүндө» жаңы Мыйзам тууралуу айтып берди. Мыйзамдын негизги жаңылыктары: картелдерге тыюу салуу, картел жөнүндө биринчи кабарлаган адамды жоопкерчиликтен бошотуу, монополияга каршы комплаенс жана чек ара аша картелдерди териштирүүдө эл аралык кызматташтык.

Адилет атаандаштык — ар бирибиз үчүн калыс баа жана тандоонун кеңдиги 

Сүрөт галереясы