Ош облусунун Алай районунда көмүрдүн чекене бааларына мониторинг жүргүзүлдү
Көмүргө болгон баалардын негизсиз жогорулоосуна жол бербөө, анын калк үчүн баасынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы «Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» №455 токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2026-жылдын 21-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын аймагында көмүргө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» №219 буйругуна жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2026-жылдын 22-октябрындагы №84 буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн (мындан ары – Бөлүм) 2026-жылдын 2-ноябрындагы №4/24 буйругу менен Ош облусунун аймагында калк үчүн көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу деңгээли белгиленди. Жогорудагылардын негизинде, Бөлүмдүн кызматкерлери 2026-жылдын 6- ноябрында Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясынын, мамлекеттик салык кызматынын Алай району боюнча башкармалыгынын жана Powered by TCPDF (www.tcpdf.org) № 01-6/341, 06.11.2026 Кол койгон: Осмонов Ы.Ж., 06.11.2026 башка тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен биргеликте Ош облусунун Алай районунун аймагында сатылып жаткан көмүрдүн белгиленген максималдуу чекене бааларын тааныштыруу боюнча, мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда, көмүр сатуучуларга белгиленген баадан жогору сатпоону, Кыргыз Републикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бааларды (ярлыктарды) керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жайларга жайгаштырууну жана өлчөө техникасынын каражаттары үчүн так аткарылган таразалар менен иштеген каражат жабдууларын камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.