Кыргызстан Азербайжанда өткөн МСАПтын 61-жыйынында атаандаштыкты өнүктүрүү жана монополияга каршы жөнгө салууну санариптештирүү боюнча демилгелерин сунуштады
2026-жылдын 28–29-октябрында Азербайжан Республикасынын Ханкенди шаарында Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин (МКСМАК) 61-жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө 7 мамлекеттин монополияга каршы органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин, Евразия экономикалык комиссиясынын жана Монополияга каршы эксперттер ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.
Салтка ылайык, МКСМАКтын жыйынынын алдында КМШга мүчө мамлекеттердин монополияга каршы мыйзамдарын бузууларды биргелешип иликтөө боюнча Штабдын 47-жыйыны болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар улуттук мыйзамдардагы олуттуу өзгөрүүлөр, монополияга каршы органдардын ишинин жыйынтыктары жана атаандаштык саясатын өркүндөтүүнүн негизги багыттары боюнча маалымат алмашышты.
Монополияга каршы органдардын өз ара аракеттенүүсүн мындан ары чыңдоо, укук колдонуу практикасы менен алмашуу жана атаандаштыкты коргоо боюнча макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын делегациясы атаандаштыкты коргоо жаатындагы улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамынын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Кыргыз Республикасынын монополияга каршы органы тарабынан күйүүчү-майлоочу материалдардын ички рыногун турукташтырууга жана дүйнөлүк баалардын өсүшүнүн таасирин жумшартууга багытталган чаралардын комплекси, анын ичинде мунай соодагерлерин субсидиялоо, күйүүчү майдын запастарын түзүү жана салыкта жеңилдиктерди берүү боюнча тажрыйба Жыйындын катышуучуларынын өзгөчө кызыгуусун жаратты.
Мындан тышкары, жыйындын катышуучуларына Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан иштелип чыккан социалдык маанилүү товарларга бааларды мониторингдөөчү санариптик система жана «САР баалардын мониторинги» мобилдик тиркемеси тааныштырылды. Аталган инструменттер рыноктордун ачыктыгын жогорулатууга, баалардагы өзгөрүүлөрдү ыкчам аныктоого жана баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөөгө багытталган. Бул демилге атаандаштыкты жөнгө салуу чөйрөсүн санариптештирүүнүн келечектүү куралы катары жыйындын катышуучуларынын көнүшүн бурду.
Кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулоонун алкагында санариптик платформаларды жөнгө салуу, жасалма интеллект технологияларын колдонуу, биржалык сооданын ачыктыгын камсыз кылуу, товарлардын трансчек аралык рынокторун контролдоо механизмдерин өркүндөтүү жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо маселелери каралды.
Мындан тышкары, катышуучулар МКСМАКтын кезектеги 62-жыйынын 2027-жылдын биринчи жарымында Кыргыз Республикасында өткөрүү жөнүндө макулдашышты.