2026-жылдын 3-кварталындагы ишкердик субъекттерине өткөрүлгөн текшерүүлөр боюнча жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымат
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” №113 Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан 2026-жылдын 3- кварталында ишкердик субъектилерге пландык текшерүүлөр жүргүзүлгөн эмес. Ошону менен бирге, Кызматтын метрологиялык көзөмөл башкармалыгына келип түшкөн арыздардын жана кайрылуулардын негизинде ишкердик субъекттерине ченөө бирдейлигин камсыздоо жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча 7 пландан тышкары текшерүү жүргүзгөн. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ченөө каражаттарын пайдалануу тартибин бузгандыгы үчүн 235 000 сом өлчөмүндөгү укук бузуулар жөнүндө эки протокол түзүлгөн.