Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
21.10.2026 Маалымат борбору

Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү Москва шаарында өткөн «Санариптик доордогу керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо» аттуу эл аралык конференцияга катышты

2026-жылдын 8–9-октябрында Россия Федерациясынын Москва шаарында Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын бакубаттуулугу жаатындагы көзөмөл боюнча федералдык кызматы (Роспотребнадзор) тарабынан уюштурулган «Санариптик доордогу керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо» аттуу эл аралык конференция болуп өттү.

Эл аралык иш-чарага чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын, эл аралык уюмдардын, эксперттик коомчулуктун жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Конференцияда Кыргыз Республикасынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Санжарбек Шаршенаалыевич Кокошеров жана Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана ак ниетсиз атаандаштык бөлүмүнүн башчысы Урмат Атаканович Кульджанов катышты.

Конференция санариптик экономиканын тез өнүгүшүнүн шартында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун механизмдерин өркүндөтүү боюнча тажрыйба алмашуу, заманбап чакырыктарды талкуулоо жана бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн эл аралык аянтча болду.

Эки күндүн ичинде катышуучулар электрондук жана трансчек аралык соода чөйрөсүндө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, маркетплейстердин жана санариптик платформалардын жоопкерчилигин жогорулатуу, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, санариптик маркалоону киргизүү, жасалма интеллектти колдонуу, ошондой эле ак ниетсиз коммерциялык практикаларга каршы күрөшүү маселелерин карашты.

Керектөөчүлөрдүн санариптик чөйрөдө сатып алууларды жүргүзүүдө жана кызмат көрсөтүүлөрдү алууда укуктарын натыйжалуу коргоо механизмдерин түзүүгө, мамлекеттик жөнгө салууну өркүндөтүүгө жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

9-октябрда конференциянын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңешинин 21-жыйынын өткөрүү каралган. Жыйын мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы практикалык тажрыйба алмашуу маселелерине арналды.

Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн эл аралык конференцияга катышуусу алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды үйрөнүү, чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары менен кызматташтыкты чыңдоо жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун улуттук системасын өркүндөтүү үчүн маанилүү.

Алынган эл аралык тажрыйба Кыргыз Республикасында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо механизмдерин мындан ары өнүктүрүүдө, анын ичинде электрондук коммерция, санариптик кызмат көрсөтүүлөр жана трансчек аралык соода чөйрөлөрүндө практикалык мааниге ээ.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, укук колдонуу практикасын өркүндөтүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча ишин улантууда.

Сүрөт галереясы