16.10.2026
Маалымат борбору
Б.Н. Ельцин атындагы КРСУнун өкүлдөрү коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча лекция өткөрүштү
Укуктук, кадрдык жана документтер менен камсыздоо башкармалыгынын персоналды башкаруу жана документтер менен камсыздоо бөлүмү тарабынан 2026-жылдын 15-октябрында Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин социо-гуманитардык институтунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча лекция уюштурулган.
Жолугушуунун жүрүшүндө коррупциянын пайда болуу тарыхы, анын түрлөрү, себептери, көрүнүштөрүнүн формалары, ошондой эле коррупцияга каршы системалуу күрөшүү маселелери, коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдардын негизги багыттары каралды.