КММ рыногундагы кырдаал туруктуу көзөмөлдө
Бүгүн Интернет тармагында (kaktus.kg) «Күйүүчү май кризиси аяктабай жатат. КММга болгон баалардын өсүшү Кыргызстандагы инфляцияны кантип күчөтүүдө» аттуу макала жарыяланды.
Күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) наркы баалардын жалпы деңгээлине чындап таасир этиши мүмкүн, анткени күйүүчү майга кеткен чыгымдар товарларды ташууга жана кызмат көрсөтүүгө түздөн-түз байланыштуу. Дал ушул себептен улам мамлекет тарабынан мунай продуктуларына баалардын өсүшүн ооздуктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-майындагы № 369 «Күйүүчү-майлоочу материалдарга рыноктук бааларды турукташтыруу чаралары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан автозаправка станциялары аркылуу мунай продуктуларын импорттоо жана сатуу менен алектенген ишкердик субъекттери менен макулдашуулар түзүлдү.
Макулдашуулардын алкагында социалдык маанилүү мунай продуктуларына төмөнкү баалар белгиленди:
| № | Аймактардын аталышы | АИ-92 бензини, сом/литр | Дизель майы, сом/литр | СМГ (автогаз), сом/литр |
|---|---|---|---|---|
| 1 | Бишкек ш. | 87,90 | 99,90 | 48,80 |
| 2 | Ош ш. | 90,40 | 102,40 | 50,60 |
| 3 | Баткен облусу* | 91,40 | 103,40 | 50,80 |
| 4 | Жалал-Абад облусу* | 90,40 | 102,40 | 50,00 |
| 5 | Нарын облусу* | 88,90 | 100,90 | 49,80 |
| 6 | Ош облусу* | 90,40 | 102,40 | 50,60 |
| 7 | Талас облусу | 88,90 | 100,90 | 49,80 |
| 8 | Чүй облусу | 87,90 | 99,90 | 48,80 |
| 9 | Ысык-Көл облусу | 88,90 | 100,90 | 49,80 |
Эскертүү 1: облустардын айрым бийик тоолуу жана алыскы райондору үчүн:
| № | Аймактардын аталышы | АИ-92 бензини, сом/литр | Дизель майы, сом/литр | СМГ (автогаз), сом/литр |
|---|---|---|---|---|
| 1 | Лейлек району | 92,40 | 104,40 | 51,80 |
| 2 | Чаткал району | 91,40 | 103,40 | 51,00 |
| 3 | Ак-Талаа району | 89,90 | 101,90 | 50,80 |
| 4 | Чоң-Алай району | 91,40 | 103,40 | 51,60 |
Эскертүү 2: негизги күйүүчү майга атайын кошулмалар кошулган бренддик күйүүчү май үчүн сатуу баасы Графикке ылайык негизги күйүүчү майдын баасына 1,5 сом/литрге чейин кошуу жолу менен аныкталат.
Мында импорттолуучу мунай продуктуларынын иш жүзүндөгү наркы менен керектөөчүлөр үчүн белгиленген баанын ортосундагы айырма № 369 токтомдо каралган убактылуу тартипке ылайык мамлекет тарабынан компенсацияланат.
Кабыл алынган чаралар чекене баалардын кескин өсүшүнө жол бербөөгө, туруктуу жеткирүүлөрдү камсыз кылууга жана КММнын ички рыногундагы туруктуу кырдаалды сактоого багытталган.
Жогоруда көрсөтүлгөн чаралардын комплекси үстүбүздөгү жылдын аягына чейин колдонулат.
Бүгүнкү күндө автозаправка станцияларында КММнын социалдык маанилүү түрлөрүнүн тартыштыгы жок. Рыноктогу кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, ал көзөмөлдө турат. Сатып алуу баалары өзгөргөн учурда кырдаалга баа берилип, зарыл болгон учурда кошумча чаралар көрүлөт.
Мамлекеттин негизги милдети — рынокту күйүүчү майдын жетиштүү көлөмү менен камсыз кылуу, жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашына жол бербөө жана калк үчүн жеткиликтүү бааларды сактоо.
Өзүнчө белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ата мекендик мунай трейдерлерине колдоо көрсөтүүнү улантып, күйүүчү май рыногунун туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүүдө.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы КММ рыногундагы кырдаалга объективдүү баа берүүгө, жалган жана объективдүү эмес маалыматтарды таратпоого, ошондой эле коомдук кырдаалдын мындан ары курчушуна алып келиши мүмкүн болгон аракеттерге жол бербөөгө чакырат.
Деструктивдүү аракеттер мындан ары да уланган учурда мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарынын чегинде тиешелүү чараларды көрүшөт.