Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
13.07.2026 Маалымат борбору

Чүй облусунун бөлүмү (мындан ары – Бөлүм) тарабынан жаран Ч.Ж.нын «Click Bish» дүкөнүнөн товар сатып алуу учурунда керектөөчү катары укуктары бузулгандыгы тууралуу кайрылуусу каралды

Чүй облусунун бөлүмү (мындан ары – Бөлүм) тарабынан жаран Ч.Ж.нын «Click Bish» дүкөнүнөн товар сатып алуу учурунда керектөөчү катары укуктары бузулгандыгы тууралуу кайрылуусу каралды.                                                                                                  Кайрылууну ар тараптуу жана объективдүү кароо максатында Бөлүмдүн адистери Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамынын алкагында тиешелүү иштерди жүргүзүштү. Тергиштирүүнүн жүрүшүндө тараптарга колдонуудагы мыйзамдардын талаптары жана керектөөчүлөрдүн укуктарын сактоонун зарылдыгы түшүндүрүлдү.                                                                                                               Арызды кароонун жыйынтыгында дүкөндүн администрациясы тарабынан жаран Ч.Ж.га 44 500 сом өлчөмүндөгү акча каражаты толук өлчөмдө кайтарылып берилди.            Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо Чүй облусунун бөлүмүнүн ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде бөлүм жарандардын кайрылууларын карап чыгып, бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтөт, ошондой эле ишкердик субъекттеринин жана калктын арасында алдын алуу жана маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.                                                                                                                               Чүй облусунун бөлүмү мындан ары да жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүнү камсыздап, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы мыйзамдардын сакталышына көмөктөшүп, ушундай мыйзам бузуулардын алдын алууга жана калктын укуктук маданиятын жогорулатууга багытталган зарыл чараларды көрүүнү улантат.