Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
12.06.2026 Маалымат борбору

Талас шаарында жарнама мыйзамынын талаптарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү тарабынан                   2026-жылдын 12-июнунда Талас шаарындагы жарнама жайылтуучу ишкердик субъекттер арасында Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү.

Мониторингдин негизги максаты - ишкерлерге мыйзамдын талаптарын жеткиликтүү түшүндүрүү жана мыйзам бузуулардын алдын алуу болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү жайларда мыйзам талаптары сакталбай жаткандыгы аныкталды:

  • Талас шаарынын Сарыгулов көчөсү №жок дарегинде жайгашкан «ПРОМТ ЭДУКЕЙШН» чет өлкөдө билим алуу борбору; 

  • Талас шаарынын Сарыгулов көчөсүндөгү Абдыкадыр-Ата соода борборунун биринчи кабатында жайгашкан «Альбина» сулуулук салону;

  • Талас шаарынын Сарыгулов көчөсүндөгү Кут базарында жайгашкан «Корей товралары» дүкөнү;

  • Талас шаарынын Сарыгулов көчөсүндө жайгашкан «ФЛАГМАН» тейлөө борбору.

Бул жайларда Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын                           5-беренесинин 3-пунктунун талаптары толук көлөмдө аткарылбай жатканы белгилүү болду. Тактап айтканда, тышкы жарнама таратуучулардын кызмат көрсөтүүлөрү расмий тилде гана таратылган. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча ишкерлерге мыйзамдын тиешелүү нормалары түшүндүрүлүп, мыйзам талаптарын сактоону камсыз кылууга 30 күндүк мөөнөт белгилөө менен көрсөтмөлөр берилди.

Белгилей кетчү жагдай, аталган мыйзамдын талаптарынын бузулушун алдын алуу, түшүндүрүү жана көзөмөл иш-чаралары Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.