Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
22.05.2026 Маалымат борбору

Кара-Суу шаарында социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кара-Суу шаардык мэриясынын кызматкерлери менен биргеликте, 2026-жылдын 20-майында Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын борбордук базарында сатылып жаткан социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүштү.

Мониторингдин жүрүшүндө сатуучуларга, социалдык маанилүү товарлардын бааларын негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, сатылып жаткан товарлардын баалары улуттук валютада керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жерлерге илинип туруусу керектиги боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле, Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын борбордук базарында уй жана кой эти 200 грамм ич майы жана сөөгү менен 670-680 сомдон, ал эми ич майы жок сөөгү менен 740 сомдон 750 сомго чейин сатылып жаткандыгы аныкталды.  

            Сатуучулардын айтымында, Араван районунда картошкалар бышып сатууга чыгып жаткандыгына байланыштуу, картошкалардын баалары 5 сомдон 10 сомго чейин арзандаганын, ал эми кумшекердин баасы 5 сомго чейин жогорулагандыгын, андан башка социалдык маанилүү товарлардын баалары туруктуу экендигин билдиришти.