29.04.2026
Маалымат борбору
Ош шаарында социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү
Ош шаары боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери, Ош шаарынын аймагында сатылып жаткан социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторинг алкагында шаарда иштеп жаткан эт азыктарын сотуучу социалдык дүкөндөргө жана социалдык маанилүү товарларды саткан базар жана ири соода түйүндөрү камтылды.
Аткарылган иш чаралар төмөндөгүчө:
Негизсиз кымбаттоолорду болтурбоо жана баалардын деңгээлин туруктуу кармоо.
Ишкерлерге соода эрежелерин сактоо жана сатып алуучулар үчүн баа кагаздарын (ценниктерди) көрүнүктүү жерге коюу талаптары түшүндүрүлдү.
Бул иш-чаралар азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ош шаарынын мэриясы менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашууда.