Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
21.04.2026 Маалымат борбору

Социалдык жактан маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте 2026-жылдын 17-апрелинде Раззаков шаарында социалдык жактан маанилүү товарлардын баасына мониторинг жүргүзүштү. 
Мониторингдин жыйынтыгы менен баалар төмөнкүчө: 
•    1-сорттогу буудай уну (жерг.) 1 кг. 34,0- 36,0 сом; 
•    Уй эти 1кг. 700,00 сом; 
•    Күрүч (тазаланган) 1кг. 90,0-100,0 сом; 
•    Кум шекер 1кг. 80,0-85,00 сом; 
•    Тазаланган өсүмдүк күн карама майы 1л. 150,0-170,0 сом; 
•    Картошка 1 кг. 50 сом; 
•    Пияз 1 кг. 20-30 сом;
•    Сабиз 1 кг. 40 сомдон сатылып жатканы белгилүү болду. 
      
Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын “Баалар жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын ченемдерин бузууга жол бербөө жана эттин баасынын негизсиз өсүшүн алдын алуу максатында сатуучулар, касапчылар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 
 

Сүрөт галереясы