Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
20.04.2026 Маалымат борбору

“Ак-Жалга” ЖАК сүттү кайра иштетүүчү завод тарабынан сатып алуучу жайкы мезгилине чийки сүткө базалык баасы белгиленди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2- декабрындагы №724 токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген «Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө» жобого ылайык, ошондой эле, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан берилген жана каралып чыккан эсептик материалдарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн 2026-жылдын 14- апрелиндеги № 10 буйругу менен “Ак-Жалга” ЖАК сүттү кайра иштетүүчү завод сатып алуучу 3,4% базалык майлуулугу менен чийки сүткө 38,05 сом/л өлчөмүндө баалар белгиленди. Майлуулугуна жараша сатып алуу баасынын деңгээли төмөндөшү же жогорулашы мүмкүн. Анда майлуулуктун базистен четтөөсүнө жараша кайра эсептөөлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы №724 токтому менен бекитилген чийки сүттүн баасын белгилөө тартибиндеги тиркемедеги Ченемдерге (Нормативге) ылайык жүргүзүлөрү белгиленсин.