Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
20.04.2026 Маалымат борбору

Цемент заводдоруна болгон иш сапары жөнүндө

2026-жылдын 17-апрелинде Кызматтын жетекчилиги - төрага Мамыралиев А.А., төраганын орун басары Кокошеров С.Ш., жөнгө салынуучу тармактар башкармалыгынын башчысы Сатыгулов Б.Т. жана Кызматтын Чүй облустук бөлүмүнүн башчысы Мойдинов Н.Т. - республиканын ири цемент ишканаларына: «Кант цемент заводу» ААКсына жана «Терек-Таш» ЖЧКсына иш сапары менен барышты.

Иш сапардын алкагында ишканалардын жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлүп, анда цемент тармагынын ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде өндүрүштүк жана логистикалык көйгөйлөр каралды. Атап айтканда төмөнкү маселелер талкууланды:

  • чек араларда жүк ташуучу автотранспорттун токтоп калуусуна байланыштуу акиташтын жеткирилишинин кечеңдеши;

  • өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү зарылдыгы (карьерден заводго чейин конвейердик линия куруу);

  • эл аралык финансылык институттар алдындагы кредиттик милдеттенмелер;

  • Өзбекстан Республикасы жана Казакстан Республикасынан импорттолгон цементтин төмөн бааларынын таасири.

Ички рынокту цемент менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана экономикалык жактан негизделген баа деңгээлин калыптандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Азыркы учурда цемент өндүрүшүнүн суткалык көлөмү төмөнкүчө: «Кант цемент заводу» ААКсында - 4000–4400 тонна, «Терек-Таш» ЖЧКсында болжол менен 3000 тонна.

Учурдагы дүң сатуу баалары:

  •  «Кант цемент заводу» ААКсы: М 400 цементи1 тоннасы 7 000 сом (үймө түрүндө) же 50 кг мешок үчүн 350 сом (салыктарды эске албаганда); 

  • «Терек-Таш» ЖЧКсы: М 500 цементи - 1 тоннасы 6 600 сом (үймө түрүндө) же 50 кг мешок үчүн  330 сом (салыктарды эске алуу менен). 

Кошумча белгилей кетсек, республиканын түштүгүндө «Түштүк Кыргыз цементи» ЖАКсы, «Түштүк курулуш материалдары комбинаты» ЖЧКсы жана «Синьжи-Пирим» ЖЧКсы иш алып барууда. Аталган ишканалардын ишмердүүлүгү да экономикалык-статистикалык байкоонун алкагында изилденет.

Иш сапардын жыйынтыгы боюнча Кызмат тарабынан цемент заводдору менен макулдашуу түзүү боюнча иштер демилгеленди, ал баа кырдаалын турукташтырууга жана цементтин баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөөгө багытталган.

Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат.

Сүрөт галереясы