Ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызматынын бааларын макулдашуу жөнүндө
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынБаткен облустук бөлүмүнүн адистери тарабынан Кыргыз Республикасынын «Ичүүчү суу жөнүндө» мыйзамынын 21-беренесинин, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19июнундагы №320 токтому менен бекитилген «Борборлоштурулган ичүүчү менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» жобосуна ылайык “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык ишканасынын ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды суу чыгаруу кызматынын баасы (тарифи) белгиленди (макулдашылды).
№ | Аталышы | Буйрук №, күнү | Аткарылган жумуштар |
1. | “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык ишканасы | №12 13.04.2026 ж. | 2-көрсөткүчкө макулдук берилди |