Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
10.04.2026 Маалымат борбору

Бишкек шаарында социалдык жактан маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү

Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарындагы супермаркеттерде жана базарларда социалдык жактан маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүштү.

Мониторингдин жүрүшүндө соода түйүндөрүнүн сатуучулары менен социалдык жактан маанилүү товарлардын бааларын негизсиз жогорулатууга жол бербөө, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы мыйзамдардын жана Кыргыз Республикасынын «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.