Кызмат тарабынан акы төлөнүүчү кызмат көрсөткөн мекемелерге карата пландуу текшерүүлөр жүргүзүлдү
2026-жылдын 1-кварталындагы Текшерүү планынын негизинде Териштирүүлөр, монополияга каршы мыйзамдарды сактоону жана жарнаманы контролдоо башкармалыгы тарабынан мамлекеттик акы төлөнгөн кызматтарды көрсөткөн аткаруу бийлик органдарына жана алардын ведомстволук мекемелерине 5 пландуу текшерүү өткөрүлгөн: Кыргыз билим берүү академиясы; А.Токтоналиев а. Бишкектеги финансы-экономикалык техникуму; М.Рыскулбеков а. Кыргыз экономикалык университети; И.Арабаев а. Кыргыз мамлекеттик университети; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы. Отчеттук кварталда мурун өткөрүлгөн текшерүүлөр материалдарын карап чыгуунун жыйынтыгында Кызматтын коллегиясы монополияга каршы мыйзамды бузгандыгы үчүн 293 884,64 миң сом суммасына кирешени республикалык бюджетке өндүрүү тууралуу чечимдер кабыл алынган.