10.04.2026
Маалымат борбору
Токмок шаарында социалдык мааниге ээ товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлдү
Чүй облусунун аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери Токмок райондук мамлекеттик администрациясынын, Токмок шаарынын мэриясынын, Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын, ветеринардык кызматтын жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте Токмок шаарында мониторинг жүргүзүштү.
Иш-чаранын негизги максаты — союучу жайлардын кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон баалардын жогорулашына жол бербөө, ошондой эле социалдык мааниге ээ товарлардын баасын көзөмөлдөө болду.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкерлер менен түшүндүрүү иштер жүргүзүлүп, аларга баа тартибин сактоо, бааларды туруктуу деңгээлде кармоо жана негизсиз кымбаттатууга жол бербөө зарылдыгы эскертилди.